Үч адамдын өлтүрүлүшү. Айыпталуучу кийинки отурумда көрсөтмө берет (Видео)

Үч адамдын өлтүрүлүшү. Айыпталуучу кийинки отурумда көрсөтмө берет (Видео)

Бүгүн, 5-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылды.

Соттук отурумга Ашыралиевдин жактоочусу келген жок. Ал ооруп калганына байланыштуу соттук отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн жөнөткөн. Сот өтүнүчтү канааттандырып, отурумду 16-октябрга саат 10:00го жылдырды.

Бүгүнкү отурумда Ашыралиев сурак бермек. Эми ал кийинки процессте көрсөтмө берет.

Ошондой эле сот ишти кароонун мөөнөтү аяктап калганына байланыштуу, анын мөөнөтүн 9-декабрга чейин узартты. Ошондой эле Ашыралиевдин бөгөт чарасы да 9-декабрга чейин жылдырылды.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>