Атайын кызмат УКМКнын академиясына кимдер тапшыра аларын айтты
Атайын кызмат генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы УКМКнын академиясына 2025-2026 окуу жылына курсанттар кабыл алына турганын жарыялайт.
Академияга тапшырууну каалагандар 17-21 жашта, бою 1,7 метрден узун, салмагы кеминде 60 кг болуш керек.
Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:
* орточо баллы 4төн төмөн эмес толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплом (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель);
* өзү, жакын туугандары сот жообуна тартылган болбош керек;
* өзүндө, жакын туугандарында чет мамлекеттин жарандыгы болбош керек.
Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер, тандоо сынактарынын катышат:
– дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүү;
– дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;
– психофизиологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);
– полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;
– кирүү экзамендерин тапшыруу.
Кайрыла турган даректер:
– Бишкек шаарынан төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 322-үй, тел.: 0 (312) 66-04-75;
– Чүй облусунан төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй, тел.: 0 (312) 54-07-19;
– Ош шаары жана Ош облусунда төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;
– Жалал-Абад облусунда төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;
– Баткен облусунда төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;
– Талас облусунда төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;
– Нарын облусунда төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;
– Ысык-Көл облусунда төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0(3922) 5-11-80.
Окууга документтерди кабыл алуу күнү жөнүндө кийинчерээк маалымат берилет.
Кененирээк маалыматты www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.
https://reporter.kg/myndan-ary-ukmk-kyzmatkerleri-kyrgyzstanda-dayardala-bashtajt/