Өкмөт айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө киргизилген тыюуну алып салды

03.11.2026 | 15:39
Кабмин досрочно отменил запрет на ввоз отдельных стройматериалов — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Министрлер кабинети айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө киргизилген убактылуу тыюуну мөөнөтүнөн мурун алып салды. Ал сентябрь айында киргизилген. Тиешелүү №730 токтомго 2026-жылдын 28-октябрында кол коюлган.

Мындай чечим «айрым курулуш материалдарынын рыногун турукташтыруу максатында» кабыл алынган. Тыюу киргизүү тууралуу 14-сентябрдагы №614 токтом жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 12-октябрдагы №691 токтом күчүн жоготту деп таанылды. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тыюу алты айга киргизилип, үчүнчү өлкөлөрдөн, башкача айтканда, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбеген мамлекеттерден товар ташып келүүгө жайылган. Тыюу салынган товарлардын тизмесине жеңилдетилген курулуш блоктору жана кирпичтер, тротуар төшөөчү плиталар жана каптама плиткалар, жалпак айнек, ошондой эле кабелдер жана өзүн көтөрүүчү изоляцияланган зымдар кирген. Транзиттик жүктөргө, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген материалдарга жана стратегиялык же инвестициялык объектилер үчүн товарларга тыюу салынган эмес.

12-октябрда өкмөт товарлардын тизмесин тактап, айрым инвестициялык жана мамлекеттик долбоорлорго, ошондой эле тыюу күчүнө киргенге чейин жөнөтүлгөн товарларга карата өзгөчөлүктөрдү кеңейткен.

Экономика жана коммерция министрлигине токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына тыюу алып салынганы тууралуу билдирүү жөнөтүү тапшырылды. Тышкы иштер министрлиги ошол эле мөөнөттө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарлашы керек.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.

Scroll to Top