Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалууда

Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жана андан электр менен жылуулук энергиясын өндүрүүчү комплексти куруу боюнча инвестициялык долбоор каралууда. Объект Манас шаарына жана Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жайгаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу КРдин Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди.
Долбоор бүгүн, 3-ноябрда, агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров менен катуу калдыктарды кайра иштетүүгө адистешкен «CECEP Environmental Protection Co., Ltd.» компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда каралды.
Мекеменин маалыматында, алдын ала эсептөөлөр боюнча комплекстин биринчи этабы суткасына 800 тонна (жылына 292 миң тонна) калдыктарды кайра иштетүүгө ылайыкталат. Кийин анын кубаттуулугун суткасына 2 миң тоннага чейин көбөйтүү каралган.
Долбоорго тартылуучу инвестициянын көлөмү 95 миллион АКШ долларын түзөт. Иштин параметрлери техникалык-экономикалык негиздеменин жана экологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча такталат.
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар жогорудагы демилгени мындан ары биргелешип иштеп чыгуу, анын ичинде зарыл болгон изилдөөлөрдү жүргүзүү, техникалык жана экологиялык параметрлерге баа берүү боюнча иштерди улантууну макулдашышкан.