Бүгүн, 22-декабрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку Соттун жанына чогулушту.
Ушул тапта 50дөй адам Жогорку Сотту “адилет чечим чыгаргыла” деп талап кылып жатышат.
Сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишин карайт. Бүгүн сот Атамбаевди экриндикке чыгат деген да маалыматтар чыгып жаткан болчу.
2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.