Биринчи класска барган баланы мектепке даярдоо канча турат?

Окуу жылынын башталышына дагы бир нече жума бар. Быйыл Кыргызстанда окуучулар 15-сентябрда мектепке барышат. Бирок «Дордой» базарында мектепке даярдык азыртан эле кызуу жүрүп жатат.
Балдар кийими сатылган катарларда эл көп. Айрым сатуучулардан товар сатып алуу үчүн кезек күтүүгө туура келет. Илгичтерде турган көйнөк, шым же пиджактарды шашпай карап чыгуу да кыйын — айланада кардарлар көп.
Анын үстүнө күн ысык. Темир контейнерлер күнгө ысып, ичи дем кыстыктыргандай ысык болуп кетет. Бирок бул ата-энелерди токтотпойт. Мектеп формасын, бут кийимди жана рюкзактарды азыртан сатып алып жатышат.
Биз биринчи класска барган баланы мектепке даярдоого канча каражат кетерин эсептеп көрдүк.
Эсептөөдө күн сайын кийүүгө жарай турган, сапаты анча начар эмес товарлардын арасынан эң арзандарын тандадык. Негизинен бул Кытайда өндүрүлгөн же жергиликтүү тигилген кийимдер. Түркияда өндүрүлгөн кийимдер кыйла кымбат болгондуктан, аларды биздин эсепке кошкон жокпуз.

Кызды мектепке даярдайбыз
Негизги чыгымдардын бири — мектеп кийими. «Дордойдо» көйнөк орточо 1 миң 200 сом, юбка 950 сом турат. Кардиганга дагы 1 миң 700 сом, пиджакка 3 миң сом кетет.
Жилетка 550 сомдун тегерегинде. Колготкини 220 сомго, гольфту 180 сомго, байпакты 60 сомго тапса болот. Эки бантик дагы 100 сом турат.
Мектепке кийчү бут кийимдин баасы 2 миң 500 сомдун тегерегинде.
Ошентип, кыз балага эң жөнөкөй мектеп кийими менен бут кийим сатып алууга болжол менен 10 миң 460 сом кетет.
Уулду мектепке даярдайбыз
Уул балага көйнөк дагы 1 миң 200 сом турат. Шым — 1 миң 800 сом. Кардиган 1 миң 700 сом, пиджак 3 миң сом, жилетка 550 сом турат.
Буга 60 сомдук байпак менен 280 сомдук галстукту кошобуз.
Бут кийимге дагы 2 миң 500 сом кетет.
Жыйынтыгында уул баланын кийими менен бут кийимине болжол менен 11 миң 90 сом сарпталат.
Бирок бул жерде маанилүү жагдай бар. Бул — баланы мектептин алгачкы күндөрүндө кийиндирүүгө гана жетчү комплект.
Биз эсепке куртка менен күзгү жылуу бут кийимди кошкон жокпуз. Алар жакын арада эле керек болот. Ошондой эле ич кийим жана кышкы кийимдер эсептелген жок.
Мындан тышкары, бардык кийимди бирден гана эсептедик. Чындыгында балага бир көйнөк, бир юбка же бир шым жетишсиз. Кийимди алмаштырып, жууп, кургатууга жетишүү үчүн мектеп формасынын бир нече комплекти керек.
Дене тарбиясына дагы 5 миң сом
Дене тарбия сабагына керектүү кийим — өзүнчө чыгым.
Сапаты анча начар эмес арзан спорттук костюм 2 миң 500 сомдун тегерегинде турат. Футболка — 700 сом. Кроссовка дагы 1 миң 800 сом.
Ошентип, дене тарбия сабагына керектүү кийим-кече менен бут кийимге дагы 5 миң сом кетет.
Рюкзак жана кеңсе товарлары
Кийим-кече менен эле ата-эненин чыгымы бүтпөйт.
Кыз балага рюкзакты болжол менен 1 миң 200 сомго, уул балага 1 миң 400 сомго сатып алууга болот.
Негизги кеңсе товарларына дагы 2 миң 420 сом кетет.
Биз бул суммага китеп жана дептер үчүн 20 даана тышты коштук. Ар бири 5 сомдон, жалпысы 100 сом болот. Ар бири 7 сомдон 10 дептерге 70 сом кетет. Бир калем 20 сом, жөнөкөй карандаш 10 сом турат.
Сүрөт тартуучу альбомду 60 сомго, өчүргүчтү 30 сомго, учтагычты 80 сомго сатып алууга болот. Пластилин 230 сом, боёк 200 сом, кыл калемдердин топтому 130 сом, сызгычтардын топтому 250 сом турат.
Түстүү кагазга дагы 60 сом, желимге 40 сом, пеналга 190 сом кетет.
Фломастер менен түстүү карандаштан өтө үнөмдөбөөнү чечтик. Түстүү карандаштардын топтому 250 сом, фломастерлер 700 сом турат. Өтө арзан фломастерлер бат эле кургап, кыска убакыттан кийин жаңысын сатып алууга туура келет.
Жалпы канча каражат кетет?
Кийим-кече, бут кийим, дене тарбия формасы, рюкзак жана кеңсе товарларын кошкондо, биринчи класска барган кызды мектепке даярдоого кеминде 19 миң 80 сом кетет.
Уул балага бир аз көбүрөөк — болжол менен 19 миң 910 сом керектелет.
Демек, биринчи класска барган баланын ата-энеси мектепке даярдык үчүн 20 миң сомдун тегерегинде каражат камдашы керек. Бул болгону эң керектүү буюмдар. Биз кийимдерди бирден гана эсептедик. Ошондой эле күзгү жана кышкы кийимдерди, ич кийимди жана окуу жылы ичинде чыга турган башка чыгымдарды кошкон жокпуз.
Наргиза Токоева