Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Быйыл Кыргызстан 9 миң тоннадан ашык кант экспорттоду
25.08.2026 | 11:22

2026-жылы Кыргызстандан чет өлкөлөргө 9 миң 357,3 тонна кант экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл республика боюнча 11 миң 800 гектар жерге кант кызылчасы себилген.
Министрлик учурда кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн заманбап агротехнологияларды жайылтуу жана дыйкандар менен кайра иштетүүчү ишканалардын байланышын чыңдоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Бул чаралар ата мекендик продукциянын экспорттук дараметин кеңейтүү максатын көздөй турганы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика