Журналист Махабат Тажибек кызы эл аралык Albies сыйлыгына көрсөтүлдү

Журналист Махабат Тажибек кызы актёр Жорж Клуни жана анын жубайы Амаль Клуни тарабынан негизделген Albies сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Сыйлык тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Лондон шаарында өтөт.
Ошол эле учурда, 25-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Махабат Тажибек кызына карата козголгон кылмыш ишин кайра кароо башталат.
Укук коргоочунун айтымында, 25-августтагы соттук отурумда Махабат Тажибек кызынын сыйлык алуу үчүн Лондонго баруусуна уруксат берүү маселеси да каралат.
Эске салсак, Махабат Тажибек кызы 2024-жылдын 16-январында камакка алынган. Анда ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктарга чакырыктар) жана 327-беренеси (бийликти басып алууга чакырыктар) боюнча айып тагылган. 2024-жылдын 10-октябрында Бишкектин Ленин райондук соту аны күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан.
Кийин 2026-жылдын 10-мартында Жогорку сот Махабат Тажибек кызына карата козголгон кылмыш иши боюнча буга чейин чыгарылган бардык соттук чечимдерди жокко чыгарып, ишти биринчи инстанциядагы сотко жаңыдан кароо үчүн жөнөткөн. Ал эми 23-мартта, Бишкектин Ленин райондук соту журналисттин баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде эркиндикке чыгарган.
Маалымат үчүн: The Albies сыйлыгы — 2022-жылы жубайлар Жорж жана Амаль Клунинин Clooney Foundation for Justice фонду тарабынан негизделген жыл сайын берилүүчү эл аралык сыйлык.