13-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайт

13.11.2026 | 09:00
13 ноября в большинстве регионов страны пройдут дождь и снег — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 13-ноябрда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жана кар жаайт. Чүй жана Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда түнкүсүн -4…1°C, күндүз 3…8°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн -4…1°C, күндүз 2…7°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн 1…6°C, күндүз 7…12°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 1…6°C, күндүз 7…12°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн 1…6°C, күндүз 7…12°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…3°C, күндүз 3…8°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -6…-1°C, күндүз 3…8°C болот;
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°C, күндүз 6…8°C болот.
Scroll to Top