Бишкекте Чүй көчөсүнүн Ак-Босого конушундагы оңдолгон бөлүгү ачылдыЧет өлкөдө издөөдө жүргөн 184 адам кармалып, 132си Кыргызстанга кайтарылды — ИИМӨзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Замирбек Надырбеков дайындалдыКыргызстанда «Тоолор жана адамдар» аттуу фотосынак жарыяландыМаматалиев КМШга Айтматовдун 100 жылдыгын бирге белгилөөнү сунуштадыМанас шаарындагы өрт: эки адам каза болуп, бирөө реанимацияда жатат
Бишкекте Чүй көчөсүнүн Ак-Босого конушундагы оңдолгон бөлүгү ачылды
23.11.2026 | 11:16
Бишкек шаарында Чүй көчөсүнүн Ак-Босого конушундагы бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Ачылышка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев катышты.
Мэриянын маалыматында, жолду оңдоо иштери Саадаев көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейинки аралыкта жүргүзүлгөн. Бул тилкенин узундугу 1 миң 800 метрди түзөт. Жумуштарды «Су-4 Кара-Балта» ишканасы аткарган.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Чүй көчөсүнүн жанындагы скверге 38 түп катальпа көчөтү отургузулган. Ага шаар мэри менен бирге тургундар катышкан. Анын жүрүшүндө Айбек Жунушалиев жашоочулардын кайрылууларын жана сунуштарын уккан. Жыйынтыгында мэр Биринчи Май районунун акимине көтөрүлгөн маселелерди карап чыгуу жана чечүү боюнча чараларды көрүү тапшырмасын берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом

