“Азаттык” чек арадагы конфликт жөнүндөгү материалды өчүрдү

“Азаттык” чек арадагы конфликт жөнүндөгү материалды өчүрдү

“Азаттык Медиа” басылмасы анык эмес маалымат камтыган 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү “Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ” аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, анык эмес маалыматы менен бул материалдын өчүрүлүшүнө байланыштуу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык Медиа” бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту, “Азаттык Медиага” карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат.

Тийиштүү тынчтык келишими бүгүн, 12-июлда, Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилди.

Эске салсак, министрлик “Азаттык Медиа” сайтынын ишин убактылуу токтоткон. Бул “Азаттык Медиа” Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалды өчүрүүдөн баш тартып келгени менен шартталган (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу анык эмес маалыматтар).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>