Бишкекте социалдык шаарчанын курулушу аяктап калды

Бишкекте социалдык шаарчанын курулушу аяктап калды

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда социалдык шаарчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун эсебинен курулуп жаткан социалдык шаарчанын курулушу менен таанышты.

Калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн 15 турак жай имаратынын (30 үй-бүлөгө), медициналык амбулаториянын (ВАП) курулушу дээрлик аяктап, бир нече объектилердин ички жасалгасы калган.

Ошондой эле мектеп жана бала бакча куруу пландалып, курулуш долбоорлору экспертизадан өтүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы менен «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун ортосунда меморандумга кол коюлган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>