Жаш жигиттин колун байлап, сууга ыргытып жиберген. Үч шектүү кармалды

Жаш жигиттин колун байлап, сууга ыргытып жиберген. Үч шектүү кармалды

Токмок шаарында үч адам 20 жаштагы жигитти сабап, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген деп шектелүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg‘ге Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-июль күнү Токмок шаардык милициясына 35 жаштагы М.К. аттуу жаран кайрылган. Ал 4-июлга караган түнү 20 жаштагы К.М. аттуу иниси шаардагы №3 кичи районундагы батирден белгисиз тарапка чыгып кеткенин билдирип, аны табууга жардам сураган.

Аталган факт каттоого алынган. Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, далил заттар табылып алынган.

Алдын ала териштирүү учурунда чогултулган материалдар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында аталган ишке шектүү катары 35 жаштагы М.К., 40 жаштагы Т.М. жана 27 жаштагы Б.К. аттуу жарандар аныкталып, кармалган.

Алдын ала тергөө амалдары учурунда белгилүү болгондой, шектүүлөр жабырлануучу К.М.ди ортодо чыккан уруштан улам үйүнөн алып чыккан. Аны уруп-сабап, унаа менен Чоң Чүй каналына алып барып, колун жоолук менен байлап, сууга ыргытып салышкан.

Тергөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 10-июлда ӨКМ 20 жаштагы жигиттин сөөгүн Алга жана Кошой айылынын ортосундагы көпүрөнүн астынан табышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>