Азия кубогу: Кыргызстан канткенде тайпасынан чыга алат?

Азия кубогу: Кыргызстан канткенде тайпасынан чыга алат?

Белгилүү болгондой, бүгүн, 16-январда Кыргызстандын футбол курамасы Азия кубогундагы биринчи беттешин өткөрүп, Таиланд менен ойнойт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталып, УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

2019-жылы Кыргызстан Азия кубогунун финалдык баскычына алгач ирет өткөндө, өз тайпасынан чыгып, 1/8 финалда да ойногон. Бул ирет да «Кыргызстан өз тайпасынан чыга алабы?» деген суроо футбол күйөрмандарын ойлондурууда.

Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө 24 команда 6 тайпага төрттөн бөлүнүп ойнойт. Кыргызстан Азия кубогунда Таиланд, Сауд Арабия жана Оман менен F тайпасында жайгашкан.

Бул мелдештин жобосуна ылайык, өз тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген курамалар плей-оффко чыгат. Ошондой эле өз тайпасында үчүнчү орунду алып, көрсөткүчтөрү жакшы болгон төрт команда да 1/8 финалда ойнойт.

Мындан улам Кыргызстан плей-оффко чыгуу үчүн өз тайпасында алдынкы орундарды ээлеш керек же кеминде үчүнчү орунду алышы зарыл. Бирок F тайпасында Сауд Арабия сыяктуу күчтүү курама болгондуктан, Кыргызстандын биринчи орунду ээлей алары арсар. Ошол эле учурда Таиланд жана Оман менен тең тайлаша ойной алары айтылгандыктан, «ак шумкарлардын» экинчи орун менен тайпадан чыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргызстан 1/8 финалга чыгуу үчүн кеминде 3 упай берген 1 жеңиш, болгондо да ири эсеп менен болгон жеңиш керек (ошол эле учурда өз дарбазасына аз гол өткөрүүсү кажет). Ошондо да ал башка тайпада үчүнчү орунга илинген курамалардын көрсөткүчтөрүнүн (канча гол киргизгени, канча гол өткөрүп жибергени, киргизген гол менен дарбазасына өткөргөн голдун айырмасы) жакшы-жаман болгонуна жараша болот. Маселен, 2019-жылы Кыргызстан тайпалык баскычта 2 ирет жеңилип, бирок үчүнчү оюнда Филиппинди 3:1 эсеби менен утуп, 3 упай алган. Мунун аркасы менен (жана башка тайпадагыларга караганда көрсөткүчтөрү жакшы болгондуктан) 1/8 финалга өткөн. Бул ирет да ошондой жол менен «ак шумкарлар» тайпасынан чыга алат. Бирок бул тобокелдүү жол болуп калат. Ага байланыштуу Кыргызстан 4 упай топтой алса (1 жеңиш жана 1 тең чыгуу) тайпадан чыгуусу да ишенимдүүрөк болот. Ал эми эки жеңишке (6 упай) жетсе, плей-офф бөлүгүнө эч ойлонбой чыгат.

Сиз күткөн оюн! Бүгүн Кыргызстан Азия кубогундагы биринчи беттешин өткөрөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>