Кыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы эл аралык UIM уюмуна мүчө болду

Кыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы Суу-мотор спорту боюнча эл аралык биримдиктин (UIM) толук мүчөсү макамын алды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Агенттиктин маалыматында, аталган макам Кыргызстанга бул спорт жаатында мелдештерди өткөрүүгө жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле UIM менен Кыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы эл аралык байланыштарды түзүү жана ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну көздөп жатышканы маалымдалды.
UIM уюмунун президенти Рафаэль Кьюлли федерация менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин жана бул спорт түрүн биргелешкен аракеттер менен өнүктүрүүгө даярдыгын билдирген.
“Кыргызстан эл аралык аренадагы позициясын ишенимдүү бекемдеп, Борбор Азиядагы суу-мотор спортунун алдыңкы өлкөсүнө айланууда. Бул Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы аймактагы суу-мотор спортунун өнүгүшү үчүн да маанилүү кадам болуп саналат”,- деп маалымдады агенттик.