ОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташат

18.11.2026 | 17:09
ОшГУ и университет Кассино и Южного Лацио в Италии будут сотрудничать — Новости Кыргызстана

Ош мамлекеттик университети Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети (UNICAS) менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Документке онлайн форматта ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана италиялык окуу жайдын ректору Марко Делл’Изола кол коюшкан. Келишим беш жылдык мөөнөткө түзүлүп, тараптардын макулдашуусу менен аны узартуу каралган.

Мекеменин маалыматында, бул макулдашуу эки окуу жайдын билим берүү, илим жана академиялык мобилдүүлүк багыттарындагы кызматташтыгын камтыйт. Меморандумга ылайык, студенттер, окутуучулар жана административдик кызматкерлер алмашуу программаларына катыша алышат. Ошондой эле эки тарап биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду аткарып, маданий иш-чараларды уюштурууну пландаштырууда.

Маалымат үчүн: Кассино жана Түштүк Лацио университети Италиянын мамлекеттик окуу жайы болуп саналат. Ал QS World University Rankings 2027 рейтингинде 1001–1200-орундар тобуна кирген, ал эми Times Higher Education рейтингинде 601–650-орундарды ээлейт.
Scroll to Top