Сузактык ишкер айым жеңилдетилген насыяга кампа куруп, кара өрүк экспорттойт

14.11.2026 | 13:30
Жительница Сузака на льготный кредит построила склад и экспортирует чернослив — Новости Кыргызстана

Джалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Гүлмира Жолборсова жеңилдетилген насыяга кампа куруп, продукцияны кургатуучу жабдууларды сатып алды. Азыр ал кара өрүк кургатып, аны экспортко жөнөтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ишкер насыяны «Айыл чарбасында климатка туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында алган. Долбоорду министрликке караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (APIU) жүзөгө ашырат.

Азыр кампада кара өрүк жана жаңгак сакталууда. Келечекте ишкер ал жерде жашылча-жемиштерди да сактоону пландап жатат.

Гүлмира Жолборсованын айтымында, ал ишин кеңейтүүнү көптөн бери пландап келген, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам аны ишке ашыра алган эмес. Насыя ага имарат курууга жана жабдуу сатып алууга мүмкүнчүлүк берди.

Scroll to Top