Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Балыкчыда ЖККУнун «Рубеж-2025» машыгуулары өтүүдө
17.09.2025 | 15:00

Бүгүн, 17-сентябрда Балыкчы шаарында ЖККУнун Борбордук Азия регионунун «Рубеж-2025» командалык-штабдык машыгуулары башталды.
Коргоо министрлиги маалымдагандай, иш-чарага Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов жана Кыргызстандын Коргоо министринин биринчи орун басары Эрлан Төрөкулов катышты. Алар КР Куралдуу күчтөрүнүн командалык пункттарындагы иштин уюштурулушу менен таанышты.
Ачылыштын алкагында машыгуунун директивасы тааныштырылып, расмий документ КР ӨКМнин командири полковник Алтынбек Тынаевге тапшырылды. Командалык пункттун ыкчам штабы кырдаалга баа берип, алдыдагы иш-чаралардын планын даярдоого киришти.
Андан соң аскердик контингенттер практикалык машыгууларды баштоо үчүн белгиленген аймакка көчүрүлдү.