Барскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө

11-сентябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине Жети-Өгүз районунун Барскоон суусунда балыктардын өлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Буга байланыштуу министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы, ошондой эле райондук санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык кызматтардын адистери жеринде текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.
Анын жүрүшүндө дарыянын айрым тилкелеринде өлгөн балыктар бар экени аныкталган. Министрлик учурда балыктардын өлүмүнө алып келген себептер так аныктала электигин билдирди.
Мекеменин маалыматында, балыктардын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында дарыядан суунун үлгүлөрү жана өлгөн балыктардан тиешелүү үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлгөн. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыккандан кийин коомчулукка маалымат берилери айтылды.