Орусияда COVID-19дун ар кандай штаммдарынан коргоочу вакциналар иштелип чыкты

18.11.2026 | 10:11
Орусияда COVID-19дун ар кандай штаммдарынан коргоочу вакциналар иштелип чыкты — Новости Кыргызстана

Гамалея атындагы борбордун орусиялык окумуштуулары COVID-19дун алдын алуу үчүн эки жаңы мультиваленттүү вакцинаны иштеп чыгышты. Бул тууралуу аталган борбордун молекулярдык диагностика лабораториясынын жетекчиси Татьяна Гребенниковага таянып ЖМКлар билдирди.

Анын айтымында, препараттар вируска окшош бөлүкчөлөрдүн негизинде жасалган жана коронавирустун бир нече түрүнөн коргоого багытталган. Вакцинанын бири мурунга спрей түрүндө колдонууга (назалдык), экинчиси — ийне саюу (инъекция) жолу менен куюуга ылайыкташтырылган.

Гребенникова түшүндүргөндөй, вакциналардын өзгөчөлүгү алардын курамында. Алар бир нече вирустук белокторду, анын ичинде вирустун генетикалык материалынын коргоочу кабыгын түзгөн белокторду камтыйт.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, мындай ыкма коронавирустун жаңы варианттары пайда болгон учурда да препараттардын натыйжалуулугун сактап калууга мүмкүндүк берет.

ЖМКлардын маалыматына караганда, вакциналар колдонууга даяр. Учурда иштеп чыгуучулар массалык өндүрүштү уюштуруу үчүн өнөктөштөрдү издеп жатышат.

Scroll to Top