Соттолгондордун акысыз иштөө убактысын эки эсе көбөйтүү сунушталууда

Кыргызстанда соттолгондорду түзөтүү мекемелерин көрктөндүрүү боюнча акы төлөнбөгөн иштерге жумасына 15 саатка чейин тартуу сунушталууда. Учурда мындай иштердин узактыгы жумасына жети сааттан ашпоого тийиш. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралууда.
Сөз камераларды, бөлмөлөрдү жана жалпы пайдалануудагы жайларды, түзөтүү мекемесинин аймагын жана ага чектеш жерлерди көрктөндүрүү, ошондой эле жашоо шарттарын жана санитардык-гигиеналык абалды жакшыртуу боюнча иштер жөнүндө болуп жатат.
Учурда соттолгондор мындай иштерге кезек тартибинде, жумуштан бош убактысында жумасына жети сааттан ашпаган мөөнөткө тартылышы мүмкүн. Мыйзам долбоорунда бул убакытты 15 саатка чейин көбөйтүү сунушталууда.
Ал эми акы төлөнүүчү эмгекке тартылбаган соттолгондорду жумасына 14 саатка чейин акысыз иштетүү мүмкүнчүлүгү өзүнчө каралууда.
Ушул эле мыйзам долбоору менен соттолгондордун телефон аркылуу сүйлөшүү тартибин өзгөртүү сунушталууда. Бир жолку сүйлөшүүнүн узактыгын 15 мүнөттөн 10 мүнөткө чейин кыскартуу пландалууда. Иштеп чыгуучулар он мүнөт сүйлөшүүгө жетиштүү экенин, ал эми убакыттын кыскарышы телефонго кезекти азайтарын түшүндүрүшөт.
Бирок телефон аркылуу сүйлөшүүгө берилген жалпы убакытты кыскартуу пландалган эмес. Тескерисинче, уруксат берилген телефондук сүйлөшүүлөрдүн санын көбөйтүү сунушталууда. Учурда сүйлөшүүлөрдүн акысын соттолгондор өздөрү же алардын жубайлары жана жакын туугандары төлөйт.
Мындан тышкары, туугандары менен жолугушуулардын санын көбөйтүү сунушталууда. Иштеп чыгуучулардын пикиринде, үй-бүлө менен баарлашуу соттолгондордун психологиялык абалына оң таасирин тийгизип, социалдык байланыштарды сактоого жана белгиленген тартипти сактоого түрткү берет.
Дагы бир өзгөртүү террордук жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорго тиешелүү. Аларды жеңилдетилген кармоо шарттарына которбоо сунушталууда. Алар жазасын катуу же кадимки шарттарда гана өтөй алышат.