Баткен: Чек арадагы куралдуу кагылышуудан бир нече адам жабыркады

Баткен:  Чек арадагы куралдуу кагылышуудан бир нече адам жабыркады

22-июль күнү Баткен обулусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок атылды. Облустук милициядан билдиргендей, октон бир нече адам жабыркаган.

Таджикстандын Ворух айылындагы чек арага жакын жайгашкан мурда Ак-Сай айылы деп жазылган тактайчанын ордуна тажиктер 6 даана желегинин орнотуп алышкан. Баткен районундагы Ак-Сай айылынын жашоочулары саат 17.30дар чамасында Ак-Сай жазуусун кайрадан орнотуу максатында чогулган учурда жаңжал чыгып, эки элдин жарандары бири-бирине карата таш ыргытышкан. 

Саат 19.30дар чамасында чек арадагы чыр-чатак курчуп, эки тараптан бир бирине карата ок атуучу куралдан ок атышуу болуп, жабыркаган жарандар Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандардын арасында милиция кызматкерлери жана чек ара кызматкерлери да бар.

Облус жетекчисинин буйругу менен Ак-Сай айылынан тургундары аялдар  жана балдар коопсуз аймакка чыгарылган. 

Окуяны жөнгө салуу жана жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу максатында Баткен облустук милициясы  күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>