Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгиленди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргызстандын бардык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларындагы (МСЭК) коррупциялык тобокелдиктерди кайрадан талдоону жана акыркы үч жылда жарандардан түшкөн даттанууларды изилдөөнү тапшырды. Бул тууралуу ал Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйынында билдирди.
Буга июнь айында МСЭК өкүлдөрүнүн майыптыкты белгилөө жана анын мөөнөтүн узартуу үчүн жарандардан системалуу түрдө акча алып жүргөн деген шек менен кармалышы себеп болгон.
«Мындай адамдын оор абалынан пайда табууга аракет кылуу социалдык системада таптакыр жол берилгис көрүнүш», — деп белгиледи Маматканов.
Ал ошондой эле МСЭКти реформалоо иштери башталганын белгиледи. Зарыл болгон документтердин саны алтыдан экиге чейин кыскартылып, система «Түндүк» менен интеграцияланды. Эми майыптык тууралуу маалымкатты жана жекече реабилитациялоо программасын онлайн алууга болот.
Маматкановдун айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык жактан колдоо жөлөкпул төлөө менен гана чектелбеши керек. Аларга реабилитациядан өтүүгө, билим алууга, кесиптик даярдыктан өтүүгө, жумушка орношууга жана коомдук жашоого толук кандуу катышууга шарт түзүү зарыл.
Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары бардык психоневрологиялык жана социалдык стационардык мекемелерди комплекстүү текшерүүдөн өткөрүүнү тапшырды.
Жыйында жакырчылыктын деңгээли, жөлөкпулдарды төлөө, жумушсуздук, эмгек миграциясы жана социалдык кызматтардын сапаты да талкууланды. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, жөлөкпул алуучулардын саны 2024-жылдын башындагы 392 миң адамдан 2026-жылдын башында 274 миң адамга чейин азайган.
Ошол эле учурда 2022–2025-жылдары социалдык контракт программасына 48 миңден ашык үй-бүлө катышкан. 2026-жылы дагы 13 334 үй-бүлөнү камтуу пландалууда. Эмгек министрлигинин бюджети 2021-жылдагы 12 млрд сомдон 2026-жылы 25,4 млрд сомго чейин өскөн.