Саламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү

22.08.2026 | 11:26
Саламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылды. Алты айда саламаттык сактоо системасынын консолидацияланган бюджетинин иш жүзүндөгү аткарылышы 30,4 млрд сомду же 60,2%ды түздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борбору билдирди.

1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлык маянасы 100%га жогорулатылып, президенттик компенсациялык төлөм да киргизилди. Мындан тышкары, өлкөдө саламаттык сактоо тармагындагы 40тан ашык объекттин курулушу уланууда. Аларды ишке ашырууга 2026-жылы 13,2 млрд сом каралган.

Коллегиянын жыйынында медициналык жардамдын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Курулуш жана инвестициялык долбоорлорду көзөмөлдөөнү күчөтүү, керебеттер фондун натыйжалуу пайдалануу, кан тамыр жана инсульт борборлорун өнүктүрүү, онкологиялык ооруларды эрте аныктоо, ошондой эле энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу боюнча чаралар белгиленди.

Жеңилдетилген шартта дары-дармек менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгү жана вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иштер да каралды. Коллегия бул багыттагы иштер жетишсиз деп таап, эпидемиологиялык көзөмөлдү, калкты скринингден өткөрүүнү жана чоңдорду В гепатитине каршы эмдөөнү күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле бейтаптарды каттоону жана диспансердик көзөмөлдөөнү жакшыртуу, диагностикалык тест-системалар жана дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыздоону уюштуруу пландалууда. Мындан тышкары, вирустук гепатит менен ооруган бейтаптарды ооруну аныктоодон тартып дарылоого чейин бирдиктүү санариптик эсепке алуу системасын түзүү каралган.

Коллегияда Бишкектеги №1–14 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыктары да каралды. Текшерүүдө биринчи медициналык-санитардык жардамды уюштурууда, профилактикалык жана патронаждык иштерде, эмдөөдө, инфекциялык көзөмөлдө, медициналык документтерди жүргүзүүдө жана сапатты ички көзөмөлдөөдө системалуу кемчиликтер аныкталган.

Борборлордун жетекчилерине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле иштин жыйынтыгы үчүн жеке жоопкерчиликти камсыз кылуу тапшырылды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча саламаттык сактоо системасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын жетекчилерине кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу жана мөөнөттөрү, жооптуу адамдар жана күтүлгөн натыйжалары көрсөтүлгөн конкреттүү иш-чаралардын пландарын берүү тапшырылды.

Scroll to Top