Көчмөндөр оюндарына даяр: Чолпон-Атадагы ат майданы капиталдык оңдоодон өттү
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүү иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Оңдоонун алкагында объектинин VIP-зонасы, конок бөлмөлөрү, трибуналар, административдик жайлар, жер төлө жана унаа токтотуучу жайлар жаңыланды. Ошондой эле инженердик тармактар толук алмаштырылды.
Мындан тышкары төмөнкү иштер аткарылган:
- трибуналардагы керамогранит жабуулары жана отургучтар жаңыланган;
- башкы кире бериштеги граниттер, чатыр жабуулары жана брусчаткалар алмаштырылган;
- суу түтүктөрү, санитардык түйүндөр жана канализациялык система оңдолгон;
- фонтандар калыбына келтирилип, аймак толугу менен иретке келтирилген.
Министрликтин маалыматында, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Учурда ат майданында алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата сахнаны куруу жана башка уюштуруу иштери жүрүүдө.
Ат майданы 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Объект 2014-жылы биринчи Көчмөндөр оюндарына карата оңдолуп, 2018-жылы толук жаңыланган болчу.




