Баткен мамлекеттик университетинде 17 млн 322 миң 500 сомду түзгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлери контракттык негизде студенттердин окууга төлөгөн акчаларын өзүлөрүнө ыйгаруу үчүн мыйзамсыз схеманы түзүшкөн. Ошондой эле командировкалык чыгымдарды негизи жок төлөтүү үчүн жасалма документтерди тариздешкени аныкталган.
2020-жылдан 2024-жылга чейин контракт менен окуган студенттер төлөгөн 14 млн 447 миң 200 сом акча университеттин бюджетине түшпөй, жооптуу адамдар тарабынан кымырылган.
Мындан тышкары, алар кызматкерлерге жана студенттерге негизи жок командировкалык чыгымдарды төлөөнү системалуу түрдө жүргүзүшкөн. Бул төлөөлөрдүн жалпы суммасы 2 миллион 875 миң 300 сомду түзгөн.
Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында, келтирилген зыян жалпысынан 17 млн.322 миң 500 сомду түзгөн.
Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.