Баткен районунун акими Акылбек Орозов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Белгилей кетсек, Акылбек Орозов Баткен облусунун Баткен районунун акими болуп ушул жылдын 21-февралында дайындалган.