Кыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жокЖапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөтПрезидент V Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттү
УКМК Ысык-Көлдөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө көзөмөлдү күчөттү
27.08.2026 | 10:39

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү катары каттоодо турган адамдарга түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жүргүздү.
Атайын кызматтын маалыматында, УКМКнын аймактык башкармалыгынын жетекчилиги кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрүнө мыйзамсыз иш-аракеттерди жандандырууга, кылмыштуу топтор менен байланыш сактоого жана кылмыштуу идеологияны жайылтууга жол берилбестиги тууралуу расмий эскертүү берген.
УКМК жарандарга басым көрсөтүү, опузалап талап кылуу жана кылмыштуу салттарды жандандыруу аракеттерине бөгөт коюларын эскертет. Мыйзам бузуу фактыларына укуктук баа берилип, күнөөлүү адамдар кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында жоопкерчиликке тартылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом