Соода борборлорунун жана базарлардын жабылышына байланыштуу ишкерлерге ижара акысы боюнча жеңилдиктер берилбейт — Бишкек шаарынын мэри

Бишкек бийлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтүп жаткан күндөрү соода борборлору менен базарлардын убактылуу жабылышынан улам иштей албай калган ишкерлерге ижара акысы боюнча жеңилдиктерди же преференцияларды берүү мүмкүнчүлүгүн караштырбайт. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев Reporter.kg кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Журналисттер мэрден бир нече күндүк аргасыз токтоп калууну эске алуу менен, ижарачылар ижара акысын төлөөдө кандайдыр бир жеңилдиктерге ишенсе болобу деп сурашкан.
«Бүгүнкү күндө иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында биз бардык ишкерлерге алдын ала расмий түрдө кабарлаганбыз. Ошого ылайык, жеңилдиктер каралбайт», — деди Жунушалиев.
Мэрдин айтымында, чектөөлөр дем алыш күндөрүнө туш келет.
«Бул дем алыш күндөрү, демек, алар ансыз деле иштебеши керек. Негизинен, бул эки-үч күндүн ичинде кандайдыр бир преференциялар же жеңилдиктер жөнүндө айта тургандай деңгээлде жоготууга учурайт деп ойлобойм», — деди ал.
Эске салсак, 31-августта жана 1-сентябрда Бишкекте бир катар соода борборлорунун жана базарлардын иши убактылуу токтотулат. Мындай чечим 18-августта мэриянын координациялык комиссиясынын жыйынында кабыл алынган.
Чектөөлөр коомдук коопсуздукту камсыздоо жана борбор калааны ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдоо менен байланыштуу.
Муниципалитеттин чечимине ылайык, 31-августта жана 1-сентябрда расмий делегациялардын жүрүү багыттарында жайгашкан төмөнкү соода борборлору иштебейт:
- ГУМ «Чынар»;
- ЦУМ «Айчүрөк»;
- «Бишкек Парк»;
- «Азия Молл»;
- «Ала-Арча»;
- VEFA;
- «Дом торговли»;
- «Гоин»;
- Beta Stores 1;
- «Беш Сары Сити».
Мындан тышкары, 31-август, 1 жана 2-сентябрь күндөрү «Ош базары» жана «Сары-Өзөн» базарларынын жана соода объектилеринин иши токтотулат. «Орто-Сай» базары 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт.
29-август саат 15:00дөн баштап Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн, Чүй жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринин, Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн (Old Bishkek) кесилишиндеги, ошондой эле Манас айылы — Васильев тракты (азыркы Манас көчөсү) районундагы жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр жабылат.
Бишкектин төрт административдик районунун башчыларына расмий делегациялар өтүүчү жолдордо жайгашкан кошумча соода түйүндөрүн аныктоо жана алардын ишин убактылуу токтотууну камсыз кылуу тапшырылды.
Анара Мамытова