Франция Бишкектеги метро жана трамвайдын ТЭОсун иштеп чыгууну колдоого даярДрондор, айып упайлары жана жаңы чектөөлөр — ИИМ эмнелерди сунуштоодо?Кыргызстандын ар бир тургунуна чекене соодадан 159 миң сомдон туура келгенОктябрдан апрелге чейин кумшекер импортуна тыюу салуу: «Кант» агрокластеринин сандар менен түшүндүрмөсүКыргызстанда жасалма эсеп-фактуралар жана жалган бизнес үчүн жоопкерчилик күчөтүлөтКөрүүнү кантип сактоо керек: Бишкек ден соолук борборунун адистеринин сунуштары
ШКУ саммити жана ДКО учурунда 15 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти сактайт
26.08.2026 | 15:09

Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылыш аземине байланыштуу ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, тартиптин сакталышын жана коопсуздукту камсыз кылууга 15 миңден ашык кызматкер тартылат. Милиция кызматкерлери иш-чаралар өтүүчү жайларда, делегациялар жүрүүчү маршруттарда, адамдар топтолгон жерлерде, көчөлөрдө жана аянттарда кызмат өтөшөт.
Учурда даярдык иштери жүрүп, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү маселелерин иштеп чыгуу аяктоодо. Жеке курамга тиешелүү нускамалар берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом