Баткендиктер Садыр Жапаровго суу жана акыйкат сот маселелери боюнча даттанышты

Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Баткен районун жана Баткен шаарын өнүктүрүү долбоорлору менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда таза суу жана сугат суу, турак жай курулушу, ошондой эле сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланышкан көйгөйлөр талкууланды.
Баткендеги курулуштар жөнүндө
Баткен районунун акими Данир Иманалиев райондо жалпы баасы 1,38 млрд сомдук 69 объект пайдаланууга берилгенин билдирди. Алардын арасында 12 мектеп, 13 бала бакча, алты спорт залы, 25 футбол жана алты балдар ойноочу аянтчасы, ошондой эле жети фельдшердик-акушердик пункт бар.
2026-жылдын аягына чейин дагы алты объектинин курулушун бүтүрүү пландалууда: бир мектеп, үч бала бакча жана эки фельдшердик-акушердик пункт.

Акимдин маалыматы боюнча, 2021–2026-жылдары райондо 950 млн сомго 191 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. 11 айыл аймагында таза суу түтүктөрүн тартууга республикалык бюджеттен жана донордук каражаттардан 550 млн сом багытталган.
Алыскы Зардалы айылына электр жарыгы жеткирилип, интернетке туташтырылды. Ошондой эле баасы 889,9 млн сомду түзгөн 18 чакырымдык Сары-Талаа — Кызыл-Таш — Зардалы автоунаа жолу курулду.
Мындан тышкары, райондо 73 чакырым ирригациялык канал курулуп жана реконструкцияланды. Иштердин жалпы баасы 1,2 млрд сомду түздү.
Ишканалар тууралуу
Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев 2021–2026-жылдары шаарда 148 ишкана ачылып, анын аркасында 686 жумуш орду түзүлгөнүн билдирди.
Бул аралыкта жалпы суммасы 2,057 млрд сомдук 16 объект курулду. Алардын катарында үч мектеп, спорт зал, он административдик имарат, кубаттуулугу 35 кВт болгон чакан гидротүйүн жана асфальт-бетон заводу бар.
2026-жылы шаарда алты балдар аянтчасын куруу, суу түтүктөрүн тартуу, автобус паркын жана унаа токтотуучу жайды уюштуруу, тротуарларды куруу жана көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул максаттарга 170 млн сом каралган.
Оор күндөр артта калды
Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда мамлекет башчысы чек ара маселелери жөнгө салынгандан кийин мамлекеттин негизги милдети аймактын экономикасын өнүктүрүү жана калктын жашоо деңгээлин көтөрүү экенин билдирди.

«Бүгүн мен силерге эң оор күндөр артта калды деп толук ишеним менен айта алам! Эң башкысы — чек араларыбыз толук аныкталды, аймактын коопсуздугу камсыздалды, жол салуу жана энергетиканы өнүктүрүү сыяктуу өтө маанилүү социалдык маселелер чечилди. Эми биздин алдыбызда облустун экономикасын көтөрүү жана калктын турмуш деңгээлин жакшыртуу милдеттери турат», — деди Жапаров.
Президенттин айтымында, мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштери аяктады. Ал ошондой эле Баткен облусунда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 4 миң 116 батирге эсептелген турак жай комплекстеринин курулушу уланып жатканын белгиледи.
Мамлекет башчысы өндүрүштү, ишкердикти, сооданы, айыл чарбасын жана тейлөө чөйрөсүн өнүктүрүү аркылуу аймактардын өздүк кирешесин көбөйтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Жапаров облустун туристтик потенциалына да өзүнчө токтолду. Келечектүү объектилердин катарында ал Айгүл-Таш тоосун, Кан-и-Гут үңкүрүн, Сары-Тоону, Мадыген геопаркын, Кудаяр хандын чебин жана Каравшин тоолорун атады. Президент ошондой эле аймактык бренд катары Баткен өрүгүнүн маанисин белгилеп өттү.
Таза суу көйгөйү
Жолугушуунун башкы темаларынын бири калкты таза суу жана сугат суу менен камсыздоо болду.

«Мага Баткен шаарындагы таза суу жана райондогу сугат суу маселеси жакшы белгилүү. Биздин планда шаарды таза суу менен толук камсыздоо бар. Бирок бардык маселени бир заматта чечүү мүмкүн эмес. Таза суу жана сугат суу менен камсыздоо маселелерин республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын эсебинен этап-этабы менен чечебиз», — деди президент.
Баткендиктердин даттануулары
Президенттин эл менен жолугушуусу үч сааттан ашык убакытка созулду. Тургундар райондун жалпы көйгөйлөрүн да, өздүк суроолорун да көтөрүштү.
Атап айтканда, алар сот жана укук коргоо органдарынын ишиндеги акыйкаттыкты камсыздоого, пенсия менен камсыз кылууга, көчүрүлгөндөрдүн документтерин тариздөөнү тездетүүгө жана жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүгө көңүл бурууну суранышты.
Ошондой эле ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялоо мекемелерин, спорт объектилерин куруу жана ачуу, инфратүзүмдү модернизациялоо жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Жапаров тармактык мамлекеттик органдарга тургундардын кайрылууларын дыкат изилдеп чыгып, өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.