Кыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди1-декабрдан тарта Кыргызстандын ИИМ кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт — Садыр ЖапаровФранция жана Германиядагы нааразылыктар: полиция менен кагылышуулар
Ысык-Көлдөн синтетикалык торлор жана таштандылар чыгарылды
12.10.2026 | 10:23

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгы Ысык-Көл көлүн таштанды жана торлордон тазалоо иштерин улантууда. 11-октябрда өткөн рейддин жыйынтыгында көлдөн 4 миң 300 метр синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды.
Министрлик мындай торлор сууда жашаган жандыктарга жана балыктарга зыян келтирип, көлдүн экосистемасын бузарын белгиледи.
Аталган аймакта биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, суу ресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар улантылары айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом