Энергетика министри Токтогул ГЭСинин кышка даярдыгы менен таанышты

Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарында Токтогул ГЭСине, Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСтерине барып, алардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Токтогул ГЭСинде министр 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин жүрүшү жана станциянын энергетикалык жабдууларынын абалы менен таанышкан. Модернизациялоонун алкагында төрт гидроагрегат тең жаңыланып, ар биринин кубаттуулугу 300 МВттан 360 МВтка чейин жогорулатылган. Натыйжада ГЭСтин орнотулган жалпы кубаттуулугу 1200 МВттан 1440 МВтка жетип, 240 МВтка көбөйтүлгөн.
Камбар-Ата-2 ГЭСинде министр экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү долбоорунун жүрүшүн көргөн. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык көрүү мезгилиндеги объектилерде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышкан.
Сапардын жыйынтыгында министр энергетикалык мекемелердин жетекчилерине иштердин аткарылышы боюнча тиешелүү тапшырмаларды берген.