Эксклюзив

«Росатомдун» кеңешине кирген Бектан Кыдыев эмне менен алектенет — кенен маалымат

29.06.2026 | 12:04
Бектан Кыдыев «Росатомдун» алдындагы кеңешке мүчө болду — ал кандай иштерди алып барат — Новости Кыргызстана

«Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун алдындагы Impact Team 2050 эл аралык жаштардын консультативдик кеңешинин жаңы курамына кирген кыргызстандык Бектан Кыдыев өзүнүн миссиясы эмнеде экенин Reporter.kg басылмасына айтып берди.

Кыдыевдин айтымында, «Росатомдо» «тынчтык жана жашыл атом» деген түшүнүк бар.

«Бул дүйнөлүк кеңешке киргенден кийинки менин негизги максатым — биздин республикада тынчтык жана жашыл атом принциптерине негизделген "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын тутумун жайылтуу. Мындан тышкары, мен жаштарды атомдук технологияларга көбүрөөк кызыктырып, алардын бул тармак боюнча маалыматтуулугун жана түшүнүгүн жогорулатууга тарткым келет», — деп түшүндүрдү ал.

Кыргызстандык белгилегендей, атомдук энергетика жөнүндө сөз болгондо, көпчүлүк аны Хиросима, Нагасаки жана Чернобыль кырсыгы менен байланыштырышат. Бирок чындыгында бул заманбап технологиялар: ядролук медицина, экология, инженерия — башкача айтканда, таптакыр башка багыт. Анын айтымында, дал ушуну жаштарга көрсөтүү керек.

Эскерте кетсек, Кыдыевдин кеңешке мүчө болгону Обнинск шаарында өткөн жана 85 өлкөдөн 700дөн ашуун катышуучунун, ошондой эле он мамлекеттин расмий делегацияларынын башын бириктирген «Обнинск NEW 2026» IV Эл аралык жаштар форумунда белгилүү болгон. Мындан тышкары, иш-чарага 25 өнөктөш аянтчадан онлайн форматта миллиондон ашуун студент кошулган.

Эл аралык жаштардын консультативдик кеңеши ар кайсы өлкөлөрдүн жаш лидерлери менен «Росатомдун» жетекчилигинин ортосундагы диалогду өнүктүрүү, атомдук технологияларды, ядролук билим берүүнү илгерилетүү жана тажрыйба алмашуу максатында түзүлгөн.

Ошондой эле, кеңештин мүчөлөрү жаштарды атом тармагына көбүрөөк тартуу жана ядролук илимди жайылтуу маселелери боюнча сунуштамаларды даярдашат.

Кеңеште Кыдыев Борбор Азия аймагынын өкүлү болот.

Анара Мамытова

Scroll to Top