Өкмөт мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча жаңы реформаларды баштады

Бүгүн, 29-июнда, өткөн аппараттык жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги 100 күндүк реформалардын башталганын жарыялады. Бул этапта кыймылсыз мүлктү күрөөдөн бошотуу жана студенттердин социалдык төлөмдөрү боюнча иштер жасалат. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Күрөөнү чектөөдөн бошотуу процессин жөнөкөйлөтүү
Реформанын биринчи долбоору кыймылсыз мүлктү күрөөдөн бошотуу процессин санарип форматка өткөрүүнү карайт. 2026-жылдын беш айында бул багытта 34 миңден ашык операция аткарылган. Учурда жарандар банктарга жана мамлекеттик органдарга жеке барууга милдеттүү, ал эми каттоо процесси эки жумушчу күнгө чейин созулат.
Жаңы система ишке киргенден кийин «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу күрөөдөн бошотууну онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Банктар «Е-Нотариат» системасы жана электрондук кол тамга аркылуу милдеттенмелердин токтотулганын тастыктай алышат. Бул процедуранын мөөнөтүн 5 саатка чейин кыскартат.
Студенттердин социалдык төлөмдөрүн автоматташтыруу
Экинчи багыт — багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу жөлөкпул жана пенсия алган 16 жаштан 23 жашка чейинки студенттер үчүн төлөмдөрдү жаңыртуу процессин автоматташтыруу. Азыркы тартип боюнча студенттер жыл сайын окууга кабыл алынгандыгы тууралуу кагаз түрүндөгү маалымкаттарды тапшырууга тийиш.
Реформанын алкагында Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги, Агартуу министрлиги, Социалдык фонд жана Эмгек министрлигинин маалымат базалары «Түндүк» системасы аркылуу интеграцияланат. Окууга кабыл алуу статусу жеке идентификациялык номер (ПИН) аркылуу онлайн текшерилет. Бул 18 000ден ашык студентке жөлөкпулдарды автоматтык түрдө жаңыртууга шарт түзөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы аталган демилгелерди ишке ашыруу үчүн 100 күндүк мөөнөт белгилеп, тиешелүү мекемелерге тапшырмаларды берди.