Кыргызстандык Бектан Кыдыев «Росатомдун» алдындагы эл аралык кеңешке мүчө болду

Кыргызстандын өкүлү Бектан Кыдыев «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун алдындагы Impact Team 2050 эл аралык жаштардын консультативдик кеңешинин жаңы курамына кирди. Бул тууралуу КР Студенттер ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бул тууралуу Обнинск шаарында өткөн жана 85 өлкөдөн 700дөн ашуун катышуучунун, ошондой эле он мамлекеттин расмий делегацияларынын башын бириктирген «Обнинск NEW 2026» IV Эл аралык жаштар форумунда белгилүү болду. Мындан тышкары, иш-чарага 25 өнөктөш аянтчадан онлайн форматта миллиондон ашуун студент кошулган.
Эл аралык жаштардын консультативдик кеңеши ар кайсы өлкөлөрдүн жаш лидерлери менен «Росатомдун» жетекчилигинин ортосундагы диалогду өнүктүрүү, атомдук технологияларды, ядролук билим берүүнү илгерилетүү жана тажрыйба алмашуу максатында түзүлгөн.

Ошондой эле, кеңештин мүчөлөрү жаштарды атом тармагына көбүрөөк тартуу жана ядролук илимди жайылтуу маселелери боюнча сунуштамаларды даярдашат.
Такталгандай, жаңы курамдын мүчөлөрүн тандоо дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген миңден ашуун жаш өкүлдөрдүн арасында жүргүзүлгөн. Кеңеште Кыдыев Борбор Азия аймагынын өкүлү болот.
Мындан тышкары, ал «Чынжырлуу реакция: жаштар коомдоштуктары дүйнөлүк атомдук тармакты кантип өзгөртүүдө» аттуу пленардык сессияда спикер катары сөз сүйлөдү.
Форумдун экинчи бөлүгүндө атомдук тармактагы уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда пленардык жана панелдик сессиялар өттү. Ошондой эле иш-чаранын алкагында «Росатомдун» башкы директору Алексей Лихачев Impact Team 2050 кеңешинин жаңы курамы менен жолугушту.