Бир дарак кыйсаң — бешти отургуз: Бекешев Кыргызстанда жаңы мыйзам сунуштады

09.11.2026 | 12:41
Бир дарак кыйсаң — бешти отургуз: Бекешев Кыргызстанда жаңы мыйзам сунуштады — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда бак-дарактарды кыюуга карата талаптарды катаалдаштырып, кыйылган бир дарактын ордуна жаңы беш көчөт тигүүнү милдеттендирүү сунушталууда. «Жашыл көчөттөрдү коргоо жөнүндө» тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев иштеп чыкты. Ал документтин негизги жоболору тууралуу социалдык тармактардагы баракчасында айтып берди.

Депутат мындай мыйзамды иштеп чыгууну 2025-жылдагы шайлоо өнөктүгү маалында шайлоочуларына убада кылганын тактады. Эми документти парламенттин тармактык комитеттеринин кароосуна алып чыгуу пландалууда.

Бекешевдин пикиринде, бак-дарактарды кыйгандык үчүн жөн гана айып пул салуу жетишсиз.

«Бир дарак кыйсаң — бешти отургузасың. Анткени жөн гана айып пул төлөп койгон, албетте, жакшы, бирок андан жашыл аймак көбөйүп кетпейт, бак-дарактар көбөйбөйт. Ошондуктан кыйдыңбы — биринин ордуна бешти, болгондо да кичинекей эмес, чоң көчөттөрдү отургуз. Акчаңды чыгар да, отургуз», — деп түшүндүрдү депутат.

Курулуш компаниялары үчүн өзүнчө талаптарды киргизүү сунушталууда.

«Бир курулуш компаниясы кайсы бир жердеги бак-дарактарды кыюуну чечип, ага уруксат берилди дейли. Алар ал бактарды үч жыл бою багууга милдеттүү болот, анткени мындайга жол берилбеши керек. Көптөгөн курулуш компаниялары эмне кылышат? Сүрөт үчүн жөн эле балатыларды сайып коюп: “Мына, бизде баары сонун” деп көрсөтүшөт. Деги эле үй сатып алып жатканда, ал жерде жашыл аймак, токой болот дегенди көрсөңүздөр керек. Мунун баары калп, көптөгөн курулуш компаниялары муну аткарышпайт. Алар үчүн башкысы — бардык уруксаттарды алуу, пайдаланууга берүү баскычтарынан өтүү. Андан кийин сенин кантип жашаарың аларга баары бир, негизгиси — сенден акчаны алып коюшкан, болду. Бул таза бизнес, эч кандай жеке мамиле жок. Үч айдан кийин куурап кала турган балатыларды отургузушат, ошону менен бүттү», — деди ал.

Мыйзам долбоорунда бак-дарактар түздөн-түз кыйылбаса да, алардын куурап жок болушуна алып келиши мүмкүн болгон аракеттер үчүн да жоопкерчилик каралган.

«Жашыл көчөттөрдөн тышкары сугат тутуму жөнүндө да сөз болуп жатат. Мен сугат тутумун бузгандык үчүн жоопкерчилик болушу керек деп жатам. Бактарды кыйгандык үчүн гана эмес, алардын куурап калышына шарт түзгөндүгү үчүн да жоопкерчилик болушу шарт. Бул — сугат тутумун бузуу же дарактын түбүн бетондоп салуу. Мына ушул үчүн да жоопкерчилик каралышы керек. Бизде тилекке каршы, азырынча мындай жоопкерчилик жок», — деп белгиледи Бекешев.

Дагы бир сунуш — жашыл көчөттөрдү милдеттүү түрдө инвентаризациялоо (каттоо). Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бак-дарактар тууралуу маалыматтар камтылган электрондук базаны жүргүзүүгө тийиш болот.

Депутат мындай эсепке алуу зарылдыгы жашыл көчөттөрдү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программада да каралганын, бирок иш жүзүндө отургузулган бактардын санын текшерүү кыйынга турарын белгиледи.

«Бардык бак-дарактар инвентаризацияланып, электрондук маалымат базасына киргизилиши керек. Бизде муну менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алектениши шарт, эми аларды ушуну кылууга мажбурлайбыз. Минкаб өзү, жаңылышпасам, 2030-жылга чейин жашыл көчөттөр боюнча программа кабыл алган. Ал жерде да инвентаризация болуп, маалымат базасы жүргүзүлүшү керек деп жазылган. Бүгүн мэрия бизге: “Биз 11 миң дарак отургуздук” деп жатат. А ал 11 миң дарак кайда? Аларды кантип санайбыз? Тилекке каршы, муну эч ким айтып бере албайт», — деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары, Бекешев сейил бактар менен скверлердин чек аралары боюнча маалыматтарды ачык жеткиликтүү кылууну сунуштайт. Тургундар жашыл аймактардын сакталышын көзөмөлдөй алышы үчүн, аларды жалпыга ачык карталарда белгилөө зарыл.

«Парктардын, скверлердин чек аралары бүтүндөй коомчулук үчүн ачык болушу керек. Башкача айтканда, парк кайсы жерден башталып, кайсы жерден бүтөрүн ар бир адам билиши зарыл. Тилекке каршы, көптөгөн парктардын чек аралары так чийилген эмес, ошондуктан аларды оңой эле жылдырып, паркты бузуп, анын ордуна бир нерсе куруп коюшу мүмкүн. Андыктан мен өлкөбүздүн тургундары үчүн бул аймактар ачык болуп, карталарда белгилениши керек деп айтып жатам», — деп баса белгиледи депутат.

Бекешев мыйзам долбоорун 9 жана 10-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин жыйындарында сунуштай турганын билдирди.

Scroll to Top