Футбол: Караколдун «Барс» клубу Кыргызстандын 2026-жылкы чемпиону болду

Каракол шаарынын «Барс» футбол клубу Кыргызстандын Жогорку Лигасынын 2026-жылкы чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Чемпионаттын жыйынтыктоочу 30-туру Каракол шаарындагы «Ынтымак Арена» стадионунда өтүп, «Барс» клубу менен «Бишкек Сити» командалары беттешкен. Оюн 2:1 эсебинде караколдук команданын пайдасына аяктаган.
Маалыматка ылайык, караколдук клуб 29-турдун жыйынтыгы менен 67 упай топтоп, турнир аяктай электе чемпиондук наамды камсыздап, өткөн жылкы титулун коргогон.
Беттештен кийин сыйлоо аземи өткөн. Ага Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти Дастанбек Конокбаев жана башкы катчысы Медербек Сыдыков катышты. Жеңүүчү аталган клубга Кыргыз футбол биримдиги тарабынан 100 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылган.
Быйыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Лигасынын чемпионаты жалпы 16 клубдун катышуусунда өткөн.