Биринчи Май райондук салык кызматынын башчысы камакка алынды

Биринчи Май райондук салык кызматынын башчысы камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук салык кызматынын башчысы камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгында туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Анда аталган райондун салык кызматынын башчысы «Б.Т.Т.», мыйзамсыз баюу максатында коррупциялык схема түзгөнү белгилүү болгон. Ал кол алдындагы кызматкерлер менен сүйлөшүп алып, маселелерди оң тарапка чечүү үчүн ишкердик субъекттерден системалуу түрдө акча алып келген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жеке ишкерлерден системалуу түрдө пара алуу жана салык инспекторлору менен жетекчинин ортосунда бөлүштүрүү фактылары катталды.

30-мартта Биринчи Май райондук салык кызматынын башчысы «Б.Т.Т.» кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тэги: гкнб ГНС

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>