Кыргыз-албан мамилелерин өнүктүрүү боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду

Бүгүн, 18-июнда, өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Албаниянын президенти Байрам Бегай менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-албан мамилелерин өнүктүрүү боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Ошондой эле жолугушууда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары эки тараптуу кызматташтыктын укуктук базасын бекемдөө боюнча макулдашышты.
Садыр Жапаров туризм, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт жана санариптештирүү тармактарында кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Ал эки өлкө ортосунда түз аба каттамдарын ачууну жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашууну сунуштады.
Ошондой эле Жапаров Албаниянын спортчуларын 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ал эми Байрам Бегайды 2027-жылдагы «Бишкек+25» Тоо саммитине катышууга чакырды.
Өз кезегинде Байрам Бегай Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктерин белгилеп, көп тараптуу форматта кызматташууга даярдыгын билдирди. Ал Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Ошондой эле Садыр Жапаровду 2027-жылы Албанияга расмий сапар менен келүүгө чакырды.