Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 26-июнда тапшырылат

9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү жөнүндө күбөлүктөрдү жана аттестаттарды тапшыруу аземи 26-июнда саат 09:00дө өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдирип, салтанаттуу иш-чаралар өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында бир эле учурда өтөрүн такташты.
Бул күнү 9-класстын окуучулары негизги жалпы билим берүү жөнүндө күбөлүктөрдү, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү — орто жалпы билим берүү жөнүндө аттестаттарды алышат. Расмий бөлүктү өткөрүү учурунда окуучулардын коопсуздук чараларын камсыз кылуу боюнча жеке жоопкерчилик окуу жайлардын директорлоруна жүктөлдү.
Министрлик салтанаттарды өткөрүү үчүн акча каражаттарын чогултууга катуу тыюу салды. Республиканын бардык мектептеринин жетекчилерине, менчигинин түрүнө жана макамына карабастан, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер үчүн документтерди тапшыруу аземинен тышкары кандайдыр бир кошумча расмий эмес иш-чараларды уюштурууга кескин түрдө тыюу салынат.