Бишкекте мектеп долбоорлорунун улуттук сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
12-ноябрда Бишкекте «Орусия жана Кыргызстан: достуктун жана ишенимдин аймагы» аттуу мектеп демилгелеринин III Улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи өттү. Быйыл сынакка катышуу үчүн Кыргызстандын бардык аймактарынан шаардык жана айылдык мектептердин 200дөн ашуун мугалими табыштама берген.

Бул долбоорду Коммуникацияларды өнүктүрүүнүн улуттук изилдөө институту (НИИРК) жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) үчүнчү жыл катары менен уюштуруп келет. Сынактын негизги максаты — эки мамлекеттин жалпы тарыхын изилдөөгө, тарыхый эс тутумду сактоого жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган мугалимдердин демилгелерин колдоо болуп саналат.
Салтанаттуу иш-чараны КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев жана НИИРКтин директорунун илимий иштер боюнча орун басары Валентина Комлева ачышты. Ошондой эле аземге Кыргызстандын тийиштүү министрлигинин, Орусия элчилигинин, Бишкектеги «Орус үйүнүн» өкүлдөрү жана илимий-педагогикалык коомчулук катышты. Валентина Комлева белгилегендей, жер-жерлердеги мугалимдер жаш муунга бул достуктун баалуулугун сиңирип, эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө иш жүзүндө зор салым кошуп келишет.
Катышуучулар калыстар тобуна интерактивдүү оюндарды, мектеп музейлеринин жана достук клубдарынын концепцияларын, край таануу изилдөөлөрүн, ошондой эле орус тилин жайылтуу жана жаштар дипломатиясын өнүктүрүү боюнча долбоорлорун сунушташты.
Жеңүүчүлөр үчүн башкы сыйлык Москвага сапар болмокчу. Мугалимдер үчүн маданий-экскурсиялык программа жана Москва шаардык педагогикалык университетинин базасында борбор калаа мектептеринин алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүү менен квалификацияны жогорулатуу курстары уюштурулат.