Баалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырды
Бишкек: “Чердактан” чыр салгандар колго түштү
03.09.2021 | 12:35
Башкалаадагы “Чердак” кафе-барындагы окуя боюнча шектүүлөр колго түштү. Алар шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына жеткенин Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Көрсө, 2001-жылкы Д.И., 2001-жылкы Т.У., 2001-жылкы Т.А., жана 2002-жылкы К.А., аттуу жарандар экен.
2-сентябрда, түнкү саат 03:20да милицияга кафе-бар “Чердакта” мушташ болуп ал жактын официантын тепкиге алып, башын кастет менен жарышкан.
“Чердак” кафе-барынын администратору да тартип бузуу, мүлктү бүлдүрүү, мекеменин персоналына зыян келтирүү фактылары боюнча арыз менен кайрылды. Кафенин жабыркаган кызматкерлери да чара көрүүнү өтүнүштү.
Бишкекте кафенин эс алуучусу официанттын башын жарып салган – видео
Рубрики: Жаңылыктар, Коом