Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды

08.11.2026 | 11:40
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Кузьмич Мироненко 99 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Николай Мироненко 1927-жылдын 3-мартында Новосибирск облусунда туулган. 1935-жылы үй-бүлөсү менен Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына көчүп келген. Аскерге чакырылганга чейин фабрикада тигүү машиналарын оңдоочу уста болуп эмгектенген. 1942-жылы атасы согушта курман болгон.

1944-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, запастагы полктордун биринде кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин да аскердик кызматын 1951-жылга чейин уланткан.

Аскерден кийин кечки орто мектепти, андан соң айыл чарба институтун аяктаган. Кийин Автотранспорт министрлигинде иштеп, өмүрүн ушул тармактагы ишмердүүлүккө арнаган.

Scroll to Top