Бишкекте окуучу кыз өзүнүн мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү тараткан

Бишкек шаарында окуучу кыз өз мектебине жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан. Бул тууралуу шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-ноябрда «102» кызматына аталган мектепке жардыруучу зат коюлганы жөнүндө сегизден ашык билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу жана кинологдор барган. Мектептин окуучулары менен мугалимдери имараттан чыгарылып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында мектепке жардыруучу зат коюлганы тастыкталган эмес.
Милиция кызматкерлери бомба тууралуу жалган маалыматты тараткан окуучуну аныкташкан. Ал аталган мектептин окуучусу, жашы жете элек кыз болуп чыккан.
Кызматкерлер окуучу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүшкөн. Ал эми бул окуя боюнча материалдар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилген.
Милиция жардыруу даярдалып жатканы тууралуу жалган маалыматтарды тараткандар мыйзам боюнча жазаланарын эскертти. Мындай аракеттер үчүн беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндиктен ажыратуу жазасы каралган.