УКМК кызматкеримин деп, 17 миң долларга алдаган: Бишкекте шектүү жаран кармалды

11.11.2026 | 12:05
Под видом сотрудника ГКНБ выманил 17 тысяч долларов: в Бишкеке задержан подозреваемый — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкери катары көрсөтүп, алдамчылык кылууга шектелип 38 жаштагы Т.А. кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Милицияга жаран арыз менен кайрылып, шектүү WhatsApp аркылуу тергөө абагында камакта отурган адамды бошотууга көмөктөшөм деп, 17 миң АКШ долларын алып кеткенин билдирген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шектүүнүн буга чейин бир нече жолу соттолуп, издөөдө жүргөнү аныкталган. Ал 2026-жылдын январь айында кармалып, бирок май айында соттун чечими менен бошотулган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилип жатканы маалымдалды.

Scroll to Top