Бишкектин Токтогул көчөсүндө велосипед жолу салынуудаБишкекте Махатма Ганди жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылатАсеин Исаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка таасири талкууландыИдрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотулду17-ноябрда интернеттин өчүшү жана эсептердин нөлдөнүшү: эксперт эмне дейт?
Бишкектин Токтогул көчөсүндө велосипед жолу салынууда
13.11.2026 | 15:04

Бишкек шаарында Токтогул көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн И. Айдарбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө велосипед жолу уюштурулууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Учурда аталган тилкеде жол белгилери чийилип, велосипед жолун унаа жүрүүчү бөлүктөн ажыратуучу бөлгүчтөр орнотулуп жатат.
Мэрия бул чаралар жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун жогорулатууга жана калаада велосипед инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталганын билдирди.
Ошондой эле бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы велосипед жолдорунун жалпы узундугу 77 чакырымды түзөрү айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом