ЖККУ эксперттер үчүн Евразиялык аналитикалык платформаны түзүүдөМанас шаарында «Акылман» президенттик лицейи ачылдыСалык кызматы: Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдүКыргызстандык үч калыс Азия оюндарында калыстык катышатКыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 85-сезонун ачатСанариптештирүү. ЖК документтерди кагаз түрүндө кайталап берүүдөн баш тартат
Бишкек-Ош унаа жолунда автоунаа дарыяга кулап, 3 адам каза тапты
02.09.2020 | 12:22
Бишкек-Ош унаа жолунда автоунаа дарыяга кулап 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Бишкек-Ош унаа жолунун 449-чакырымында, Таш-Көмүр шаарына жакын жерде болгон. Анда “Тойота-Виш” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Нарын дарыясына болжол менен 50-60 метр бийиктиктен кулап кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 2 кыз жана 9 жашар бала каза болуп, 5 адам жаракат алган.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар адамдарды унаадан чыгарып, жаракат алгандарды “Тез жардам” кызматына, каза болгондордун денесин милиция кывзматкерлерине өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар