Таласта «Айтматов ааламы» комплекси ачылды — Садыр Жапаров анын милдеттери тууралуу айтып берди

Президент Садыр Жапаров Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында «Айтматов ааламы» тарыхый-маданий мемориалдык комплексинин ачылышына катышты.
Мамлекет башчысы Чыңгыз Айтматовдун кичи мекенинде комплекстин ачылышы жазуучунун мурасын жана Кыргызстанды даңазалоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Президенттин айтымында, дүйнө жүзү Кыргызстанды ак карлуу Ала-Тоосу жана ак калпакчан кыргыздары менен гана эмес, «Манас» эпосу жана Айтматовдун чыгармачылыгы аркылуу да тааныйт.
«Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө улуу ойчулдун ысымы көчөлөргө жана сейил бактарга ыйгарылып жаткан кезде, анын кичи мекенинде мындай комплекстин курулушу улуттук намыс маселеси болуп саналат», — деди Жапаров.
Ал «Айтматов ааламынын» дал ушул Шекерде ачылышы символдуу экенин баса белгиледи. Бул жерде келгендер жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын чыныгы прототиптери тууралуу биле алышат.
Жапаров Айтматов тарабынан көтөрүлгөн адамдык абийир, тарыхый эстутум, эне тил жана Ата Мекен алдындагы жоопкерчилик маселелери бүгүн да актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи.
«Илимий-техникалык прогресс адамдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, бирок анын ким экенин дал ошол руханий дүйнөсү аныктайт», — деп билдирди президент.
Мамлекет башчысынын айтымында, «Айтматов ааламы» тарыхый эстутумду сактаган музей гана эмес, агартуунун, илимдин, маданияттын жана руханий тарбиянын борборуна айланышы керек. Бул жерде илимий жана маданий иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле кийинки муундар үчүн жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгынын жаңы жактарын ачуу пландалууда.

Жапаров комплекстин курулушу мурда эле башталып, бирок кийин көп жылдарга токтоп калганын айтып берди. Азыр долбоор толугу менен аяктады.
Президент ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү тууралуу эске салды. Юбилейди белгилөө үчүн атайын жарлыкка кол коюлуп, Министрлер кабинетинин иш-чаралар планы бекитилген жана уюштуруу комитети түзүлгөн.
Мындан тышкары, 2026-жылы эл аралык деңгээлде Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгы белгиленди.
Мамлекет башчысы Айтматовдун чыгармачылыгынын кино, театр, опера, балет жана көркөм сүрөт искусствосуна тийгизген таасирин белгиледи. Анын айтымында, креативдүү индустрияны өнүктүрүү жана өлкөнүн маданий мурасын пайдалануу «кыргыз ренессансынын» кайра жаралышына түрткү бере алат.
«Жакынкы келечекте заманбап Айтматовдор, Айтиевдер, Океевдер, Чокморовдор жана кыргыз элинин башка көрүнүктүү өкүлдөрү чыгарына ишенем», — деди Жапаров.
Президент комплекс кыргызстандыктар тарых жана улуттук баалуулуктар менен, ал эми чет элдик коноктор кыргыз элинин маданияты жана руханий мурасы менен тааныша ала турган жайга айланат деген ишенимин билдирди.