Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 85-сезонун ачат

15.09.2026 | 13:52
Кыргыз улуттук опера жана балет театры 85-сезонун ачат — Новости Кыргызстана

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 3–4-октябрь күндөрү 85-театрлык сезонун ачат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

3-октябрда саат 17:00дө сахнада Михаил Раухвергердин «Чолпон» балети көрсөтүлөт. Спектаклдин коюучу балетмейстери — Н. Түгөлов, редакциясы — У. Сарбагышев, коюучу сүрөтчүсү — Анатолий Арефьев. Башкы ролдорду Мээрим Султакаева, Атабек Садыркулов, Даяна Кыдыралиева, Валерий Разумейко жана Фарух Садыркулов аткарышат. Дирижёру — Семетей Султанов.

4-октябрда саат 17:00дө театрдын жамааты композитор Насыр Давлесовдун Насирдин Байтемировдун либреттосунун негизинде жазылган «Аста секин: колукту!» музыкалык комедиясын тартуулайт. Башкы партияларда Мурат Дербишалиев, Салима Маматова, Нуржигит Асанов, Айзирек Момунова, Бактыбек Алмабеков жана Христина Севостьянова ойношот. Коюучу режиссёру — Аманбек Жапаров, коюучу сүрөтчүсү — Маратбек Шарафидинов, башкы хормейстери — Карагул Тиленчиев, ал эми дирижёру — Жумакадыр Каниметов.

Теги: Театр
Scroll to Top